• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Депутаттар жарандардын телефонун тыңшап, камераларды орнотууга уруксат берген мыйзамды колдоду

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 25.05.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутаттар “Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндөгү”, “Контрчалгындоо иши жөнүндөгү”, “Тышкы чалгындоо иши жөнүндө”, “Чалгындоо жана контрчалгындоо ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” жана “Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндөгү” мыйзамдардын долбоорлорун үчүнчү окууда карап, колдоду.

Депутаттардын 72си макулдугун берсе, төртөө каршы чыкты.

Аталган мыйзам долбоору соттун чечимисиз Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) жарандардын телефонун тыңшап, жеке менчик жерге камера орнотууга уруксат берет.

Ошондой эле депутаттар үчүнчү окууда колдоп берди:

- “Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жана соттук укуктук реформа маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору;
- “Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө” мыйзамдын долбоору;
- “Контрчалгындоо иши жөнүндө” мыйзамдын долбоору;
- “Тышкы чалгындоо иши жөнүндө” мыйзамдын долбоору;
- “Чалгындоо жана контрчалгындоо ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору;
- “Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору.

Пикир

Оставить комментарий