• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Депутаттар Жогорку соттун судьялыгына сунушталган Нүргүл Асанованын талапкерлигин жактырышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 25.10.17. /Салтанат Абдраева - Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн жыйында Жогорку соттун судьялыгы кызматына көрсөтүлүп жаткан Нүргүл Асанованын талапкерлигин жактырышты.

Добуш берүү жабык түрдө өткөрүлдү.

Асанованын талапкерлигин бардык депутаттар бир добуштан колдошту. Жыйынга 80 депутат катышты.

Жыйынга төрагалык кылуучу Данияр Төлөнов жалпы депутаттардын атынан Нургүл Асанованы жооптуу кызматка дайындалышы жана салтанаттуу ант бериши менен куттуктап, анын ишинде ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий