• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Депутаттардын ишинин натыйжалуулугу комитеттердеги ишинде жана талкууларга катышуусунан байкалат

Коом 0

Бишкек, 14-февраль /Кабар/. Депутаттардын ишинин натыйжалуулугу парламенттин жыйындарына эмес, комиттердин ишинде жана талкууларга катышуусунда байкалат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ишенбай Кадырбеков депутаттар парламенттин жыйындарына катышпай жатышат деген маалыматка өзүнүн пикирин билдирип жатып айтты.

“Депутаттардын ишинин натыйжалуулугу жыйындарга катышуусу менен эмес, комитеттин ишине жана дебаттарга жана мыйзам долбоорлорун талкуулоого катышуусу менен текшерилет. Менин практикамда жыйындарга дайыма катышкан, бирок эч кандай демилге көтөрүп чыкпагандар болгон”,-деди ал.

Анын айтымында, депутаттардын парламенттин жыйындарга катышуу нормасы ар бир өлкөдө ар башкача жөнгө салынат.

“Конституцияда депутаттардын жыйындарга милдеттүү түрдө катышуусунун нормасы жазылган эмес. Мындай учур Жогорку Кеңештин регламенти менен жөнгө салынат”,-деди экс-депутат И.Кадырбеков.

Пикир

Оставить комментарий