• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Депутаттардын суракка чакырылышы иликтенет. Президент жумушчу топ түздү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 08.12.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттары Жеңишбек Токторбаев жана Шайлообек Атазовду Башкы прокуратура кандай негизде суракка чакырганын иликтей турган жумушчу топ түздү. Бул тууралуу парламенттин бүгүнкү, 8-декабрдагы жыйынында төрага Нурлан Шакиев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жумушчу топко бир жумалык мөөнөт берилди, ал аралыкта тиешелүү иштер аткарылып, корутундусу президентке жөнөтүлөт.

"Депутаттар Жеңишбек Токторбаев менен Шайлообек Атазовго Башкы прокуратура тарабынан басым боюнча кайрылуулар айтылган. Анын негизинде президент жумушчу топ түздү. Сиздерге маалымат иретинде айтып жатам. Бул маселе көңүл борборунан чыгып кеткен жок", - деди төрага.

Эске сала кетсек, ушул жылдын 30-ноябрында Жеңишбек Токторбаев менен Шайлообек Атазов Башкы прокуратурага суракка чакырылган. Эл өкүлдөрүнүн айтуусуна караганда, ага алардын прокуратура органдарындагы коррупциялык аракеттер боюнча айткан билдирүүлөрү себеп болгон.

Пикир

Оставить комментарий