• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Депутаттарга ЖЭБдеги бузулуунун себептерин айтып беришти

Коом 0

Бишкек, 16.02.18. /Жамиля Жакыпбекова - Кабар/. Бишкек ЖЭБде болгон аварияны изилдей турган депутаттык комиссия көчмө жыйындын жүрүшүндө авария эмне себептен болгондугун айтып беришти.

ЖК депутаттык комиссиянын башчысы Улан Примов журналисттерге билдиргендей, бактардагы химиялык керексиз эмес суунун деңгээлин манометр көрсөтпөгөндүктөн ЖЭБде авария болгон.

“Манометр суунун деңгээлин жетиштүү деп көрсөткөн, бирок суу түгөнүп калган. Сууну берүү төмөн болуп, ал эми суроо талап жогору болгон. Ал өз кезегинде аварияга алып келген. Учурдгы жоопту адамдар калыбына келтирүү үчүн эч кандай чара колдонгон эмес”,-деп билдирди ал.

Примов билдиргендей, учурда бул суроо боюнча эки башкы милдет бар: ЖЭБдеги авариянын кесепетин аныктоо жана насыянын рационалдык бөлүнүшүн карап чыгуу.

Эске сала кетсек, 26-январда Бишкек ЖЭБде авария болуп, Бишкек шаарынын тургундарынын үйлөрүндө абанын температурасы кескин төмөндөп кеткен. Бишкек ЖЭБнин иши 2018-жылдын 2-февралында калыбына келтирилген.

Пикир

Оставить комментарий