• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Депутаттыкка талапкер Ниязалиева добуш сатып алганбы? БШК материалдарды милицияга өткөрүп берди

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 30.05.23. /Нурзат Жумалиева - Кабар/. БШКнын Ыкчам чара көрүү боюнча координациялык топ шайлоо мыйзамдарынын бузулушу боюнча түшкөн маалыматтары кароону улантууда.

Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, 29-майда №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дамира Ниязалиеванын добуш сатып алуу ыктымалдыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Аудио жазууда депутаттыкка талапкер Ниязалиеванын үнүнө окшогон аял У.Р. аттуу адам менен сүйлөшүп, үгүт иштерин жүргүзүү, жарандарга 1500 сомдон төлөп берүү, аларды шайлоого тартуу боюнча жарандардын тобу менен иштөө схемаларын талкуулап жатат.

Материалдар текшерүү жана юридикалык баа берүү үчүн ички иштер органдарына өткөрүп берилип, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.

БШК шайлоонун жыйынтыгын чыгарууда мыйзам бузуулар боюнча укук коргоо органдарынын иликтөөсүнүн жыйынтыгын карайт.

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын шайлоодо алдын ала маалымат боюнча Дамира Ниязалиева жеңген.

Аталган округда шайлоочулардын жалпы саны 124 миң 908 адамды түзсө, анын ичинен шайлоого 17 миң 423 адам катышкан. Дамира Ниязалиева 6 миң 242 добуш алган.

Пикир

Оставить комментарий