• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Депутат Алтыбаева парламентаризмдин музейин жана ЖК телеканалын ачууну сунуштады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 27.12.18 /Кабар/. Депутат Айнуру Алтыбаева парламенттин музейи, китепканасы жана телеканалын ачууну сунуш кылды. Бул тууралуу эл өкүлү Жогорку Кеңештин жыйында билдирди.

Анын пикиринде, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн парламенттик демократияны өнүктүрүү маанилүү, парламентаризм музейи, өзүнүн китепканасы болушу керек.

Алтыбаева мындай оюн парламенттин ачык-айкындуулугун камсыздоо менен элдин мыйзам чыгаруу органына ишенимин көтөрөт, – деп кошумчалады.

Эске салсак, Кыргызстан 2010-жылы парламенттик башкаруу формасына өткөн.

Пикир

Оставить комментарий