• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Депутат Исмаилова Кызыл-Омпол уран кенине байланышкан кырдаал менен жеринде таанышты

Коом 0

Бишкек. 24.04.19 /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова Ысык-Көл облусундагы иш сапарынын алкагында Кызыл-Омпол уран кенине байланышкан кырдаал менен жеринде таанышты.

Учурда чалгындоо иштери убактылуу токтотулганы менен кирип-чыккан ири жүк ташуучу унаалардын бар экенине күбө болгон депутат, Өкмөт тарабынан кабыл алынган чечимдин аткарылышына өзгөчө көңүл буруу керектигине токтолду.

Ошондой эле кенди иштетүүгө нааразычылыгын билдирип жаткан жарандар менен жолугушуп, алардын сунуш-талаптарын укту. Депутат Аида Исмаилова өлкөбүздүн экологиялык коопсуздугу башкы байлык экенин билдирип: “Бул уран кенинин айланасында жаралып жаткан кырдаал күндөн-күнгө курчуп барат. Андыктан, иш тыкыр иликтенип, Кыргызстандын экологиясына жана экономикасына зыян келбегидей чечим кабыл алынышы керек”, – деди ал.

Жергиликтүү тургундар уран кени казылса Ысык-Көл чөлкөмүнүн эле эмес, өлкөнүн көпчүлүк аймагынын экологиясын жабыркатып, жарандардын саламаттыгына доо кетирерин белгилешти. Андан тышкары, азыртан эле кан басымы көтөрүлүп жатат деген жүйө менен уран кенине жакын аймактагы айылдардын көпчүлүк тургундары ооруканага кайрылып жатканын кошумчалашты.

Муну менен катар жергиликтүү тургундар жылда өрүк, алма жана башка жер-жемиштерди сатып алуу үчүн алдын ала акча төлөп кеткен ишкерлер быйыл кечигип жатканын билдиришип, мунун себеби да уран кенинин айланасындагы коопсуздукка байланыштуу экенине шектенип жатышканын айтышты.

Депутат бардык айтылган көйгөйлөрдү Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрөрүн убада кылды.

Пикир

Оставить комментарий