• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Deutche Welle: Кыргызстанда (чындыгында) шайлоо өтүп жатат

Саясат 0

Бишкек, 15.10.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Кадыр-барктуу чет элдик ЖМКлар КРде өтүп жаткан шайлоого активдүү байкоо салып, өз бааларын беришүүдө.

Deutche Welle (Немец толкуну) басылмасы “Кыргызстанда (чындыгында_ шайлоо өтүп жатат” (Kirgistan hat (wirklich) die Wahl), деген аталышта макала жарыялаган. Анда бул бийликти тынчтык жолу менен биринчи жолу өткөрүп берүүгө карата өтүп жаткан шайлоо экендиги жазылган.

Басылмада, эки революциядан кийин Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу президент өз ыйгарым укуктарын мыйзамга ылайык өз маалында жана каалоосу менен бийликти өткөрүп берип жаткандыгы айтылат.

Ошондой эле, басылма президент Алмазбек Атамбаевдин шайлоо ачык-айкын жана так өтүп, экинчи мөөнөткө калбайм деген убадасын эскерет.

Басылманын маалыматы боюнча, президенттик жарышта үч талапкер алдыда келе жатат: мурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, ошондой эле бизнесмендер Өмүрбек Бабанов жана Темир Сариев.

Пикир

Оставить комментарий