• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Дезинфекциялоо иштерине байланыштуу шаардын көчөлөрүнө блокпосттор коюлууда – Орозалиев

COVID - 19 0

Бишкек, 26.03.20. /Кабар/. Дезинфекциялоо иштерине байланыштуу шаардын көчөлөрүнө блокпосттор коюлууда. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, дезинфекция иштерине байланыштуу Бишкек шаарынын И. Ахунбаев, Жаш Гвардия бульвары, 7-апрель, Осмонкул, Жибек-Жолу көчөлөрү менен чектелген жерде санитардык-карантиндик аймак түзүлгөн.

"Ал көчөлөрдө дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөт. Аталган көчөлөргө блокпосттор коюлуп, жөө жүргүнчүлөргө жана автоунааларга толук чектөө коюлат. Ал эми медицина, укук коргоо органдарына, банк кызматкерлерине жана медицина каражаттарын ташыган жүк ташуучуларга уруксат берилет", - дейт ал.

Анын айтымында, башка көчөлөрдө да дезинфекциялоо иштери жүргүзүлгөндө ал жерлерде да чектөөлөр болот.

Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 44кө жетет. Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 17 адам, Ала-Букада – 2, Ноокат району – 11, Кара-Сууда – 8, Ош шаарында – 1, Москва районунда – 1 жана Бишкек шаарында – 3 адам.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилди.

Мындан улам Бишкекте 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий