• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Diamond Princess лайнериндеги коронавирус жуктуруп алган кыргыз жараны ооруканадан чыкты – ТИМ

Коом 0

Бишкек, 02.03.20. /Кабар/. 1-март күнү Кыргызстандын жараны – Diamond Princess лайнеринин экипажынын мүчөсү Япониянын ооруканасынан чыгарылып, Токио шаарындагы мейманканалардын бирине жайгаштырылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

"Кыргызстандын жаранында Япониянын ооруканасынан берилген медициналык сертификаты бар. Андан коронавирус инфекциясына алынган акыркы тесттердин жыйынтыктары терс болуп чыккан", - деп билдиришти министрликтен.

Учурда Кыргызстандын жараны Токио шаарында ээн-эркин жүрүүдө.

Министрликтен билдиришкендей, Кыргызстандын жараны мекенине келүүнү чечсе, ал Кыргызстанга келгенден кийин санитардык-эпидемиологиялык эреже жана нормаларга ылайык 14 күнгө карантинге алынат.

Эскерте кетсек, буга чейин Diamond Princess кемесиндеги кыргыз жараны коронавирустун жеңил түрүн жуктуруп алганы айтылган.

Пикир

Оставить комментарий