• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Diamond Princess лайнериндеги кыргызстандыктан коронавирус аныкталды

Ден соолук 0

Бишкек, 28.02.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Япониядагы Diamond Princess лайнериндеги кыргызстандыктан коронавирустун жеңил түрү аныкталды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов билдирди.

Анын айтымында, эки күн мурун кыргыз жаранынын анализдери чыгып, коронавирустун жеңил түрү аныкталган. Ал Япониянын ооруканасына жактырылган.

"26-февралда кыргызстандыктын анализдери оң болуп чыкты. Башкача айтканда, коронавурустун жеңил түрү аныкталган. Жараныбызда жөтөл, тамак оору жана ошондой эле дене табы көтөрүлгөнү байкалган эмес. Ал япониялык дарыгерлер тарабынан күнү-түнү көзөмөлдө болууда. Күн сайын кан жана шилекейдин анализдери алынып жатат", - дейт Абдрахманов.

Ал белгилегендей, кыргызстандык жаран менен элчилик байланышта болууда.

Эскерте кетсек, буга чейин аталган лайнерде кыргыз жарандын жанындагы жарандан коронавирус байкалгандыктан кыргызстандык жаран да ооруканага жаткырылган.

Пикир

Оставить комментарий