• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

"Diamond Princess" лайнеринин дагы бир жүргүнчүсү коронавирустан көз жумду

Дүйнө 0

Бишкек, 25.02.20. /Кабар/. Япониядагы "Diamond Princess" лайнеринде дагы бир жүргүнчү коронавирустан көз жумду. Бул тууралуу Interfax.ru басылмасы NHK телеканалына шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Йокогама портундагы кемеде 80 жаштагы чал көз жумган. Анын улуту айтылган эмес.

"Diamond Princess" лайнери 20-январда Йокогама шаарынан Кагосима - Гонконг – Окинава каттамы боюнча эки жума саякаттамак болчу. Бирок, кийинчерээк аталган кемеде бир жүргүнчү коронавирусту жуктуруп алганы белгилүү болгон.

3-февралда кеме Йокогама портунда токтотулган. Учурда аталган лайнерде коронавирусту жуктуруп алган 630 учур катталды.

"Diamond Princess" лайнеринде болжол менен 3,7 миң адам болгон.

Пикир

Оставить комментарий