• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"Diamond Princess" лайнеринин эки жүргүнчүсү коронавирустан каза болду

Дүйнө 0

Бишкек, 20.02.20. /Кабар/. Япониядагы "Diamond Princess" лайнеринин эки жүргүнчүсү коронавирустан каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн коомдук телеканалынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, каза болгон бир эркек жана бир аял киши болжол менен 80 жашта болгон. Учурда алардын улуту, качан жана кантип ооруканага жеткирилгени айтыла элек.

Эскерте кетсек, шаршемби күнү лайнерден алгачкы жүргүнчүлөр түшө башташкан. Алар эки жумалык карантинде болуп, илдеттин белгилери байкалбагандар кемеден чыгышкан.

Шаршемби күнү кемени 443 жүргүнчү таштап кеткен.

Япониянын Иокогама шаарындагы портто турган "Diamond Princes" лайнеринде 621 адам коронавирусту жуктуруп алган.

Пикир

Оставить комментарий