• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Диего Марадона "Динамо-Брест" башкармалыгынын төрагасы болду

Спорт 0

Бишкек, 17.05.18. /Кабар/. Белгилүү аргентиналык футболчу Диего Марадона беларусиялык "Динамо-Брест" футбол клубу менен үч жылдык келишимге кол коюп, башкармалыктын төргагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу клуб Твиттер баракчасына жазды.

"Марадона үч жылдык келишимге кол койду. Ал клубдун стратегиялык маселелери менен алектенет, андан тышкары түзүмдүн бардык бөлүктөрү, анын ичинде балдар академиясы менен дагы иш алып барат. Диего Орусияда футбол боюнча дүйнө чемпионаты бүткөн соң, ыйгарым укуктарына киришет", – деп айтылат маалыматта.

"Ишеним үчүн ырахмат ", – деп жазды Марадона Инстаграмга.

Марадона Орусиядагы дүйнө чемпионатына Венесуэланын Telesur мамлекеттик телеканалынын атынан журналист катары келет.

Диего Марадона Аргентинанын курама командасында ойноп, 1986-жылы дүйнө чемпионатын утуп алган. "Барселона", "Наполи", "Севилья" клубдарында ойногон. ФИФАнын сайтындагы добуш берүүгө ылайык, XX кылымдын эң мыкты футболчусу катары табылган.

2008–2010-жылдары Марадона дүйнө чемпионатынын чейрек финалына чейин жеткен Аргентинанын курамасын машыктырган. Сонку мезгилде 57 жаштагы Марадона Бириккен Араб Эмиратынын ”Аль-Фуджайра” клубунда иштеп жүрүп, ал жактан быйыл апрелде кеткен.

Беларус футбол клубу 1960-жылы негизделген. Эки жыл мурун ал жакка Бириккен Араб Эмиратынан инвесторлор келип, "Динамо-Бресттин" жаңы менеджерлери жана оюнчулары пайда болгон. Футбол академиясы ачылган.

Пикир

Оставить комментарий