• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Диетасыз жана спортсуз арыктоонун ыкмасы айтылды

Дүр дүйнө 0

Бишкек, 12.07.21. /Кабар/. Диетолог Татьяна Разумовская РИА Новостиге диета кармай албагандар же спорт менен алектенүү ылайыксыз болгондор үчүн ашыкча салмактан арылуунун ыкмаларын айтып берди.

Ал салмак жоготуу үчүн уйкунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Уйкудан көбүрөөк калуу табитти басуучу лептин гормонунун деңгээлин төмөндөтүп, тескерисинче ачкалыкты күчөтүүчү грелин жана кортизол сыяктуу гормондордун санын көбөйтөт. Мындан тышкары, ашыкча кортизол ашыкча тамактанууга жана ичтин аймагындагы майдын көбөйүшүнө алып келет», - деди адис.

Ошондой эле рационго клетчатка кошуу керек. Тамак-аш буласы холестерин жана кандагы канттын деңгээлин нормалдаштырып, ашказанга жакшы таасир этип, ачка болуудан арылтат.

«Бир күндө 20-40 грамм клетчатка жеш керек»,-деди Разумовская.

Буурчак өсүмдүктөрүн, кургатылган жер-жемиштер, дан эгиндеринен жасалган нан, жаңгактарды, жашылчаларды жана ботко жеген туура болот.

«Сиздин рационуңузда белок жетиштүү болуусу абзел. Бул сүт азыктары, эт, балык жана башка деңиз азыктары, жумуртка, өсүмдүк белогу», - деди диетолог.

Анын айтымында, белокту сиңирүү - бул узак процесс, анын аркасында сиз өзүңүздү узак убакытка ток сезесиз. Организм белокту сиңирүү үчүн углеводдорго караганда көбүрөөк калория колдонот.

Булак: РИА Новости.

Пикир

Оставить комментарий