• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Диетолог дарыгер кимдер коон жебеш керектигин тизмектеп берди

Дүр дүйнө 0

Күн сайын витаминдерге бай жер-жемиштерди көп жегенге аракет кылуу - бул иммунитеттин чыңдалуусуна жана узак жашоого шарт түзгөн факторлордун бири болуп саналат. Бул окумуштуулар тарабынан тастыкталган.

Бул ирет сиздер менен көпчүлүк адамдар тамшанып жеген коондун пайдасы жана зыяны тууралуу кеп кылабыз.

Россиялык диетолог дарыгер Ольга Кораблева коон жеген учурдагы кооптуу диагноздорду тизмектеп берген. Анын айтуусуна таянсак, коон аз калориялуу экенине карабастан, сиңирүү татаал болгон азык.

"100 граммында 35 килокалорий бар. Коонду ачкарын же башка тамак-аштар, анын ичинде мөмө-жемиштер менен бирге жегенге болбойт, анткени бул ичтин көбүшүнө же диареяга алып келиши мүмкүн. Эң жакшысы тамактан кийин бир саат күтүп, анан жей берсе болот", - дейт дарыгер.

Диетологдун айтымында, эгерде гастрит, курч панкреатит (уйку безинин сезгениши), холецистит (өт табарсыктын сезгениши), ашказан жарасы барлар коонду жебеши керек.

"Анткени коон жумшак ич алдыруучу зат катары иштегендиктен, аны ичеги-карындагы кандай бузулуу болбосун колдонуунун кажети жок. Ал мурда болгон көйгөйдү курчутуп жибериши мүмкүн", - дейт адис.

Булак: РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий