• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Диетолог кан басымды түшүрүүчү суусундукту атады

Дүр дүйнө 0

Диетолог Харрис-Пинкус эртең менен каркаде чайын ичүү кан басымды төмөндөтүүнү шарттай турганын билдирди.

Ал анар ширеси кошулган каркаде чайы артериялык кан басымын түшүрүү үчүн эң сонун эртең мененки суусундук экенине ишенет. Бул тууралуу адис Eat This, Not That порталына билдирген.

Дарыгер илимий изилдөөгө таянып, каркаде чайын үзгүлтүксүз колдонуу (күнүнө эки-үч стакан) гипертонияга жакын же биринчи даражадагы гипертензиясы бар адамдардын кан басымын төмөндөтүүгө жардам берерин кошумчалайт.

“Изилдөөлөрдүн бири күнүнө 3 чыны каркаде чайын ичкен адамдардын кан басымы дары ичкенден кийинкидей деңгээлде төмөндөгөнүн көрсөткөн”, — дейт Харрис-Пинкус.

Чайга анардын ширесин кошкондон кийин кан басым 5%га түшкөн. Анар ширесинде аш болумдуулугу жогору болгон жана кан басымын түшүрүүгө жардам берүүчү антиоксиданттар бар.

Булак: РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий