• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Digital CASA, ар бир мектепте Интернет. "Санариптик КР " концепциясынын алкагында кандай иштер аткарылууда?

Коом 0

Бишкек, 01.02.19. /Салтанат Абдраева – Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Алматы шаарында өтүп жаткан "Глобалдаштыруу доорундагы санариптик күн тартиби 2.0" форумунда кыргыз өкмөтү санариптик трансформациялоо алкагында кандай иштер аткарылып жатканы тууралуу айтып берди.
Абылгазиев маалыматы боюнча, технологиялык стартаптарды өнүктүрүү жана жаңы маалыматтык технологияларды өздөштүрүү максатында "Санариптик Кыргызстан" аттуу беш жылдык концепциясы иштелип чыгып, жактырылган.

Өкмөт башчы аталган концепциянын алкагында ишке ашырылып жаткан айрым долбоорлорго кеңири токтолду. Атап айтканда, ал санариптик байланыштын аймактык инфраструктурасы, маалыматты иштеп чыгуунун аймактык борборлору, санариптик платформалар жана интеллектуалдык чечимдер, ошондой эле санариптик экономика үчүн жагымдуу шарттарды түзүү сыяктуу маанилүү компонентттерди камтыган "Digital Casa – Кыргызстан" масштабдуу долбоорунун башталышы тууралуу айтып берди.

Абылгазиев белгилегендей, мамлекеттик органдарды ведомстволор аралыкэлектрондук өз-ара аракеттешүү тутумуна активдүү кошуу жүргүзүлүп, Мамлекеттик органдардынбиринчи кезектеги электрондук маалыматтар базасын иштеп чыгуунун планы ишке ашырылууда.

Мындан тышкары, Абылгазиев Мамлекеттик электрондук тейлөө көрсөтүүнүнбирдиктүү порталы ишке киргизилгендигин, ошондой эле жылдын соңуна дейре Кыргызстандынмектептерин 100% Интернетке кошууну жыйынтыктоо пландаштырылып жаткандыгын белгиледи.

"Кадрдык потенциалды иш кагаздарын электрондук жүгүртүү менен байланышта натыйжалуу пайдалануу үчүн биз адам ресурстарын башкаруунун маалыматтык тутумун киргизип жатабыз. Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын аягына чейин салык процедураларын электрондукфискалдаштырууну киргизүү милдети коюлган, бул мамлекеттик бюджеттин кирешесин кыйлакөбөйтүп жана көмүскө экономиканы азайтууну шарттайт. Соттук-укуктук реформанын алкагындаүстүбүздөгү жылдын 1-январынан тарта «Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри» жана «Бузуулардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалыматтык тутуму ийгиликтүүишке киргизилди, алар укук коргоо органдарынын ишинин натыйжалуулугуна түздөн-түз таасирберет", - деди Абылгазиев.

Ошону менен бирге ал кошумчалагандай, киберкоопсуздук стратегиясы боюнча иштер аяктоо алдында турат, ошондой эле санариптик социалдык коргоо алкагында калктын корголбогон катмарына мамлекеттик жөлөкпулдарды берүү процессин тездетүү иштери жүргүзүлүүдө.

Премьер-министр белгилегендей, Кыргызстан ошондой эле ЕАЭБ санариптик күн тартибинин артыкчылыктарын ишке ашырууга активдүү катышууда.

"Биздин өлкөнүн бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү тарабынан бир нече, анын ичинде ЕАЭБөлкөлөрүнүн электрондук соода аянттарын интерграциялоо, кредиттик рейтингдин бирдиктүүплатформасын түзүү жана кредиттик таржымал маалыматтары менен алмашуу боюнча демилгелер түшкөн", - деп баса белгиледи өкмөт башчы.

Форумдун алкагында санариптик кол тамганы колдонуу менен технопарктар ортосунда өз аратүшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду. Кыргыз тараптан документке КР Жогорку технологиялар паркынын директору Алтынбек Исмаилов кол койду.

"Глобалдаштыруу доорундагы санариптик күн тартиби 2.0" форуму Евразия өкмөттөр аралыккеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында уюштурулган. Анын ишине ЕАЭБ мүчө-өлкөлөрүнүнөкмөт башчылары, эл аралык ири IT-компаниялардын жана IT-технопарктардын жетекчилери, технологиялык индустрия, эл аралык уюмдардын, бизнес өкүлдөрү, ошондой эле маалыматтык технологиялар тармагындагы эл аралык эксперттер катышты.

Пикир

Оставить комментарий