• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

"Digital CASA" долбоору 2019-жылы башталат. Жогорку Кеӊеш III окууда колдоду

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 27.12.18 /Кабар/. Жогорку Кеӊештин депутатары Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын ортосундагы "Digital CASA" – Кыргызстан" долбоорун каржылоо тууралуу макулдашуу боюнча ратификациялык мыйзам долбоорун карап, үчүнчү окууда кабыл алышты.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиевдин берген маалыматына караганда, Дүйнөлүк банк "Digital CASA" долбоорун каржылоо үчүн 50 млн доллар өлчөмүндө каражат бөлүүгө даяр, анын 50 пайызы насыя жана 50 пайызы грант болуп саналат. Насыя 38 жылдык мөөнөт менен берилүүдө.

Долбоор 4 компоненттен турат: (1) Телекоммуникациялык инфратүзүмдү өнүктүрүү; (2) Санариптик платформаларды жана "акылдуу" чечимдерди өнүктүрүү; (3) Санариптик экономика үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү жана институционалдык өнүктүрүү; (4) Программаларды башкаруу жана санариптик лидерликти өнүктүрүү.

"Digital CASA" долбоору 2019-жылдан тарта ишке ашырыла баштайт, анын операторлору сынак аркылуу тандалып алынат. Кызыкдар операторлор бар, алар менен алдынала сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Долбоордун алкагында, санариптик маалыматтардын баары дата-борбордо сакталат. Ошондой эле, бул долбоор аркылуу элет жергесинин алыскы аймактары толугу менен сапаттуу жана ыкчам интернет менен камсыз болот", - деди Бакыт Шаршембиев.

Пикир

Оставить комментарий