• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

«Дилгирим» тиркемеси эс-тутумду машыктырууга жакшы жардам берет

Коом 0

Кичинекей Айдинге 3 жашында оң тараптагы 3-4-даражадагы сенсоневралдык укпай калуу жана сол тараптагы дүлөйлүк диагнозун коюшкан. Азыр бала 7 жашта, ал Бишкек шаарындагы угуусу чектелген балдар үчүн атайы жалпы билим берүү жатак-мектебинде окуйт. Баланын апасы Наргиза Топонова баласынын окуясы менен бөлүшүп, анын жашоосу, окутуунун өзгөчөлүктөрү жана анын айлана-чөйрө ыңгайлашуусу тууралуу айтып берди.

- Наргиза, өзүңүздүн башыңыздан өткөргөндөрдү бөлүшүүңүздү өтүнөбүз, Айдин тууралуу айтып бериңизчи.

- Биз үй-бүлөбүз менен Люксембургда жашайбыз. Мен 37 жаштамын, коллежде иштейм, никеде турганыма 17 жыл болду, күйөөм экөөбүз 4 баланы тарбиялап жатабыз: тун уулум 16 жашта, андан кийин 7 жаштагы Айдин, кичүү уулум 5 жашта жана 2 жаштагы кызым бар. Айдиндин кулагы укпай тургандыгын биз дароо эле билген жокпуз, анткени ал ымыркай кезинде абдан жоош болчу, дайыма уктай эле берчү. 2 жашында кадимки бала бакчага барды. Бул убакта ал бир нече сөздөрдү сүйлөп калган болчу. Ал 3 жашка чыкканда мени бала бакчага чакырышып, баламдын кулагы укпай тургандыгын айтышты. Мен аябай кыжырландым. Кантип ушундай болсун, анткени менин дагы, күйөөмдүн дагы үй-бүлөсүндө эч качан ден соолукта көйгөйлөр болгон эмес. Биз ошол күнү Бишкектеги угуу диагностикасына жазылдык, ошентип жарым сааттык изилдөөдөн кийин бизге: оң тараптагы 3-4-даражадагы сенсоневралдык укпай калуу жана сол тараптагы дүлөйлүк диагнозун коюшту. Мен ошол учурда нес абалына түштүм. Мен үчүн бул такыр күтүлбөгөндүк жана катуу сокку болчу. Көп убакытка чейин өзүмдү жоготкон абалда болуп жана эмне болуп жаткандыгын түшүнө албай жүрдүм. Балам угуусу чектелген балдар үчүн атайы бала бакчага барганда жана ал жерден менин Айдиним сыяктуу балдарды көргөндөн кийин гана өзүмө келдим. Менин балам жалгыз эмес экендигин, өмүр уланып жаткандыгын жана баламда баары жакшы боло тургандыгын түшүндүм. Анын үстүнө дарыгерлер дагы баламды айыгат, башкысы – дарылоону кечиктирбөө керектигин айтып тынчтандырышты. Ал чоңойгондо жакшыраак угуп калат, бул дүйнөгө жакшыраак ыңгайлашат дешти.

Азыр Айдин Бишкек шаарындагы угуусу чектелген балдар үчүн атайы жатак-мектепке барат. Ал мектепте окуган 5 айдын ичинде мен чоң жылыштар болгондугун көрдүм. Ал дактиль боюнча окуганды, жазганды үйрөндү, бул үчүн анын мугалимине рахмат айтамын.

- Ал эми үй-бүлөдө силер бала менен кандай сүйлөшөсүңөр? Кайсы тилде?

- Үйдө 2 тилде сүйлөшөбүз, бирок окутуу орус тилинде жүрөт. Айдин абдан акылдуу бала, ал биз айтып жаткандардын бардыгын түшүнөт. Бирок ал каалаган нерсесинин бардыгын түшүндүрө албай жаткандыгы кыйынчылык туудурууда, бул аны аябай кыжырлантат. Жакындары менен пикир алышууда ал көбүнчө жаңсоону колдонот.

- Сиздин балаңыз кандайдыр бир кыйынчылыктар менен бет келишти беле? Өзүнүн курбалдаштары менен кантип сүйлөшөт?

- Билесизби, ал короого чыкканда балдар анын байланышы жок сөздөрүн түшүнбөстөн аны шылдыңдап жаткандыгын көрүү жүрөгүмдү оорутчу. Ал аябай капа болчу, муну көрүп ого бетер зээним кейичү. Албетте, айланадагылардын бардыгы тең эле түшүнүү жана сабырдуулук менен мамиле кылышпайт да. Бирок азыр короодогу коңшулар жана балдар анын өзгөчөлүктөрүнө көнүп калышты. Ал гана эмес ага бир нерсени түшүндүрүүгө жана бир нерсеге жардам берүүгө аракеттенишет.

- Биздин өлкөдө кыргыз жана орус тилинде «Дилгирим» тиркемесин иштеп чыгышты. Мага белгилүү болгондой, силер ушул тапта ошол тиркеме боюнча окуп жатасыздар. Ал балаңыздын пайдалануусу үчүн канчалык жөнөкөй жана ыңгайлуу болгондугун айтып бериңизчи?

- Ооба, бул тиркеме тууралуу бизге мектептеги мугалим айтып берген. Биз аны ошол замат көчүрүп алдык. Ал аябай ыңгайлуу экен, анткени аны менен бардык жерде окууга болот, интернеттин дагы кереги жок. Биз эртең менен мектепке бара жатканда Айдин бул тиркемени ачат жана аны менен өз алдынча окуй баштайт. Анын жакшы жактары көп: тиркемеде бизге күнүмдүк жашоодо кездешкен темаларды талдоо жүрөт, мисалы, оюнчуктар, жаныбарлар, мектеп ж.б. Ошондой эле ар бир тема боюнча тапшырмалар оюн формасында берилген, бул балага абдан жагат. Дагы бир жакшы жагы ал эки тилде иштелип чыккандыгы.

- Башкача айтканда, сиз тиркемени угуусу жабыркаган балдар үчүн актуалдуу деп эсептейсизби?

- Ооба, өзгөчө менин балам сыяктуу дактилдерди жаңы эле үйрөнө баштаган балдар үчүн актуалдуу. Бул тиркеме эс-тутумду машыктырууга жакшы жардам берет. Мындан ары сөздүк запасты толуктоо жана сөз өстүрүү үчүн башка темалары менен ушул сыяктуу тиркемелердин пайда болушун каалайт элек. Анткени бул тиркеменин эффективдүүлүгүн биз өзүбүз аркылуу сездик.

- Наргиза сизге маегиңиз үчүн рахмат, силерге ден соолук жана ийгилик каалайбыз!

- Сиздерге дагы рахмат! Мен ошондой эле тиркемени иштеп чыккандарга жана мугалимдерге ыраазычылык билдирем, алардын жардамы менен биздин балдарыбызда бардыгы жакшы болот!

Маалымат үчүн:

Кыргызстанда эки тилдүү «Дилгирим» тиркемеси иштелип чыккан, аны Google Play жа App Store кызматынан көчүрүп алууга болот. Ал 1-класс үчүн сөз өстүрүү боюнча сүрөттүү китепчеден турат. Тиркеме КРдагы БУУӨПтүн колдоосу астында «Technoland» Коомдук фонду тарабынан иштелип чыккан жана “Inno4KG ачык инновацияларына чакырык” программасы боюнча ишке ашырылган “Угуусу жабыркаган балдарды сан ариптик окутуу системаларына тартуу” долбоорунун уландысы болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий