• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Димаш Кудайберген замандын мыкты ырчысы наамына ат салышууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 17.01.19 /Кабар/. Димаш Кудайберген бардык замандын мыкты ырчысы наамына ат салышууда. Мыкты наамына ат салышкан ырчыларга добуш берүү ranker.com сайтында жүргүзүлүүдө. Бул рейтингде казакстандык таанымал ырчы Димаш Кудайберген 35-орунда турганын "NewTimes.kz" маалымат агенттиги жазат.

Бул тизмеге музыканын баардык жанрларынан 100 атактуу ырчы кирген.

Тизмеде дүйнөгө атагы чыккан Уитни Хьюстон, Queen тобунун ырчысы Фредди Меркьюри, The Doors тобунун ырчысы Джим Моррисон, Жон Ленон, Майкл Жексон жана башка белгилүү ырчылар бар.

Белгилей кетсек, Димаш Кудайберген Боб Марли, Эдит Пиаф, Эрик Клэптон, Андреа Бочелли жана башкалардан алдыга чыккан.

Пикир

Оставить комментарий