• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Дин иштери боюнча комиссия жыл жыйынтыгын чыгарып, 2020-жылга пландарын талкуулады

Коом 0

Бишкек, 28.12.19. /Кабар/. Кечээ, 27-декабрда КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (КР ДИМК) жыйынтыктоочу кеңешмеси болуп өттү. Бул тууралуу комиссиянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кеңешмеде КР ДИМКнын 2019-жылдагы иш-аракеттеринин жыйынтыктары жана 2020-жылга карата ведомствонун планы талкууланды.

Жыйында ДИМКнын директору Зайырбек Эргешов 2019-жылы диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууда жемиштүү болгондугун баса белгиледи.

Ошондой эле 2015-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планын аткаруу, ДИМК менен башка өлкөлөр ортусунда кол коюлган меморандумдун алкагында диний чөйрөдөгү өз ара аракеттенүү, радикализмди жана экстремизмдин алдын алуу маселелери, диний билим берүү тармагындагы жаңы долбоорлор талкууланды.

Жыйындын соңунда 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууга кошкон салымы жана жемиштүү кызматташуусу үчүн КР ДИМКнын ардак грамотасы менен КР өкмөтүнүн аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн эксперти А.Нусупбеков, бейөкмөт жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, КР ДИМКнын кызматкерлери жана облустагы өкүлдөрү сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий