• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Дин жана гуманитардык укуктар боюнча эксперттер өз ара аракеттешүүнү талкуулашты

Аймак 0

Ош, 20.09.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Ошто эл аралык гуманитардык укук жана ислам нормалары темасындагы семинар башталды.

Иш чараны Кызыл Крест Эл аралык Комитети КР Президентине караштуу Мамлекеттик дин иштери комиссиясы менен кызматташуунун алкагында жана “Дин, укук жана саясат” Көз карандысыз аналитикалык изилдөө борборунун аракеттешүүсү менен уюштурду.

Семинардын максаты заманбап кыйынчылыктарда жалпы адамзатынын баалуулуктарын сактоо болуп саналат.

Иш чарага жергиликтүү дин ишмерлери, диаспоралар, укук коргоо органдары, көз карандысыз дин таануучулар жана академиялык чөйрө өкүлдөрү катышат. Ошондой эле, Россия Федерациясынын дин кызматкерлери чакырылган.

Пикир

Оставить комментарий