• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

“Динамо” спорт комплексинде милиция кызматкерлери арасында чемпионат башталды

Спорт 0

Бишкек, 15.03.23. /Кабар/. Бүгүн, 15-март күнү “Динамо” спорт комплексинде ИИМдин кызматтык көп түрдүүлүк боюнча олимпиада чемпиону, дүйнөнүн жана Европанын көп жолку чемпиону Александр Мелентьевдин элесине арналган ок атуу боюнча жалпы республикалык чемпионат башталды.

Чемпионаттын ачылыш аземинде “Динамо” спорт комплексинин төрагасынын биринчи орун басары Төрөкул Мадалиев сөз сүйлөп, алдыңкы үч күндө катышуучуларга ийгилик каалады.

Ички иштер кызматкерлеринен куралган 15 курама команда 15-марттан 17-мартка чейин бири-бири менен жарышат.

Үч күндүк чемпионаттын жүрүшүндө, катышуучулар граната ыргытуу, “Макаров” тапанчасынан жана “Калашников” автоматынан ок атуу, ошондой эле биатлон боюнча таймашат.

Пикир

Оставить комментарий