• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Динара Кемелова ЕБдин КРдагы элчиси Эдуард Ауэр менен жолугушту – эмнени талкуулашты?

Саясат 0

Бишкек, 05.12.18. /Кабар/. КР Тышки иштер министринин биринчи орун басары Динара Кемелова Евро Биримдиктин Кыргызстандагы элчиси Эдуард Ауэр менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки жактуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле ЕБдин КРдагы долбоордук-программалык ишмердүүлүгү жана ошондой эле улуттук жана регионалдык деңгээлдеги долбоорлор алкагында кызматташууну талкуулашты..

Кемелова Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташуунун өнүгүүсүнүн жагымдуу жактары, суу колдонуу чөйрөсүндөгү абал жана аймактарды таза суу менен камсыз кылуучу “Таза Суу” долбоорун ишке ашырууда Кыргызстан ЕБдин колдоосуна муктаж экендигин айтты.

Жолугушуунун соңунда тараптар КР жана Евро Биримдик ортодогу ар түрдүү эки тарапка тең пайда алып келүүчү диалогду жана кызматташтыкты бекемдөөгө даяр экендигин белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий