• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Динара Кемелова ЕККУ ПАнын төрагасынын орун басары, БА боюнча атайын өкүлү Пиа Каума менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 23.04.22. /Кабар/. 2022-жылдын 22-апрелинде КР тышкы иштер министринин Динара Кемелова ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын (ПА) төрагасынын орун басары, Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Пиа Каума баштаган делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Тараптар Кыргызстандагы парламенттик дипломатиянын деңгээлин жана ЕККУ ПАнын анын өнүгүүсүнө кошкон салымын канааттануу менен белгилешти.

Кыргызстан менен ЕККУнун кызматташтыгынын кеңири чөйрөсү боюнча пикир алмашуу болду, анын ичинде шайлоо системасы жана социалдык-экономикалык өнүгүү, ЕККУнун Бишкектеги Академиясын институционалдык чыңдоо, ошондой эле ЕККУ ПАнын колдоосу менен Кыргызстандын тоолуу аймактарды өнүктүрүүгө багытталган демилгелерине көмөктөшүү маселелери талкууланды.

Атап айтканда, министрдин орун басары жолугушуунун катышуучуларынын көңүлүн КР өкмөтүнүн алдында турган актуалдуу маселелерге жана кыйынчылыктарга, анын ичинде азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздук, жакырчылык менен күрөшүү, миграция, айлана-чөйрөнү коргоо, ошондой эле калктын сапаттуу медициналык тейлөөгө жана билимге жетүүсүн камсыз кылууга буруп, ЕККУну Кыргызстандын белгиленген улуттук өнүгүү артыкчылыктарына ылайык өлкөгө жардам көрсөтүүнү улантууга чакырды.

Өз кезегинде П.Каума өлкөдө автоматташтырылган шайлоо процессин уюштуруунун жогорку деңгээлине оң баа берип, Кыргызстан бул маселеде аймактагы лидер экенин белгиледи.

Ошону менен бирге, 2025-жылы ЕККУнун 50 жылдык мааракесин белгилөө алдында ЕККУ ПАнын төрагасынын орун басары кыргыз тарапты ЕККУ ПАнын бардык комитеттеринин ишине үч өлчөмдө жигердүү катышууга, ошондой эле ЕККУ аймагында мүмкүн болуучу чыр-чатактарды болтурбоо үчүн жаңы механизмдерди иштеп чыгуу процессине катышууга чакырды.

Жолугушуунун соңунда тараптар диалогду активдештирүүгө жана кеңейтүүгө, ошондой эле ЕККУнун алкагында кызматташууну мындан ары да бекемдөөгө даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий