• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Динара Кемелова Канаданын чиновниктери менен эки тараптуу кызматташтыктын келечегин талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 23.10.18. /Кабар/. КР Тышкы иштер министрлигинин биринчи орун басары Динара Кемелова Канаданын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык экономикалык мамилелер боюнча координатору, “Чоң жыйырма” алкагындагы кызматташтык маселелери боюнча премьер-министрдин жеке өкүлү Джонатан Фрид жана Канаданын эл аралык соода министрлигинин парламенттик катчысы Омар Алгабра менен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун жана соода-экономикалык кызматташуунун келечегин талкуулады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы кабарлайт.

Аталган жолугушуунун алкагында соода-экономикалык жана инвистициялык кызматташууну өнүктүрүү, эки өлкөнүн ортосундагы бизнес-уюмдар арасындагы карым-катнашты кеңейтүү, Канада тарабынан Кыргызстанга техникалык жардам көрсөтүү жана ошондой эле коомдук-экономикалык тармактагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана каржылоо булактарын табуу талкууланды.

Андан тышкары Кыргыз Республикасынын делегациясы Эл аралык биргелешкен комиссиянын отурумуна байкоочу катары катышып, Канада менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери жана суу-энергетикалык маселелер менен таанышты.

Кемелова расмий жолугушууларынан тышкары Оттава, Торонто жана Монреалда жашаган кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Пикир

Оставить комментарий