• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Диндеги ажырашуу маселеси: Светтик Кыргызстанга үч талак эрежеси керекпи?

Коом 0

Бишкек, 27.02.19. /Салтанат Абдраева – Кабар/. Кыргызстанда акыркы күндөрү диний үй-бүлөлөрдүн ичинде талакты үч жолу айтып ажырашып кетип жаткандардын саны арбын. Бул тууралуу “Аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог” конференциянын жүрүшүндө айтылды.

Конференциянын катышуучулары Светтик Кыргызстанга үч талак эрежеси керекпи деп суроо узатышты.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын айтуусунда, талак – бул юридикалык жактан эч кандай күчү жок. Муну талкуулоонун да кереги жок деди.

Ал эми дин иштери боюнча комиссиянын башчысы Заирбек Эргешовдун айтуусунда, бул сөз динде ажырашуу дегенди билдирет. Ушул сөздү айтып ажырашып кетип жаткан үй бүлөлөрдүн санынын өсүүсү тууралуу маселеси диний кызматкерлерге жеткирилет деп белгиледи.

“Дин кызматкерлери, имамдар бул сөзду колдонбой андан алыс болууга чакырат. Биз бул боюнча тиешелүү тапшырмаларды берип, имамдар эл арасында түшүндүрүү иш-чараларды жүргүзөт”, - деди Эргешов.

Пикир

Оставить комментарий