• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Диндердин өнүгүү тарыхы" предмети: Өлкө боюнча мугалимдерди окутуу башталды

Билим 0

Бишкек 15.08.22. /Кабар/. Бүгүн, 15-августта облустук борборлордо “Диндердин өнүгүү тарыхы” предмети боюнча сабак бере турган тарых сабагынын мугалимдерин жана теологдорду окутуу башталды.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиргендей, бүгүнкү күндө жалпысынан 35 тайпа өз ишин баштады. Ар бир группада бирден мугалим жана бирден теолог сабак өтүүдө.

Окуулар үч агымда өтүп, 2-сентябрга чейин офлайн режиминдеги сабактар жыйынтыкталат:

- биринчи агым – 15-августтан 19-августка чейин;

- экинчи агым – 22-августтан 26-августка чейин;

- үчүнчү агым – 29-августтан 2-сентябрга чейин;

Офлайн форматтагы окутуудан кийин мугалимдер сабактарды өтүп баштаса болот.

Пикир

Оставить комментарий