• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясынын долбоору талкууланды

Коом 0

Бишкек, 06.04.21. /Кабар/. 2021-2026-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясынын долбоору талкууланды. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 5-6-апрелинде Жалал-Абад жана Ош облустарында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Медер Карабаевдин катышуусунда “2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясынын” долбооруна карата иштелип чыккан иш-аракеттер планы боюнча коомдук талкуу өткөрүлдү.

Талкууга жергиликтүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Концепциянын негизги максаты — мамлекеттин светтик негиздерин жана диний толеранттуулукту чыңдоо үчүн мамлекеттик-конфессиялык кызматташтыктын механизмдерин өркүндөтүү, диний жана коомдук институттардын ишмердигин мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжалуулугун жогорулатуу.

Мамкомиссиянын басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, ушундай эле талкуулар 8-апрелде өлкөнүн башка облустарында өткөрүлмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий