• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Диний эсктремизмди алдын алууга багытталган жолугушуулар өттү

Коом 0

Бишкек, 08.05.18 /Кабар/. Ош ШИИБдин башчысы, милициянын полковниги М.Бороновдун кѳрсѳтмѳсү менен 10-бѳлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын аймагында жаштардын диний радикалдуу кыймылдарга, террордук уюмдар менен экстремисттик маанайдагы топтордун капканына кабылбашы үчүн түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүүнү улантышууда. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Ѳткѳн жуманын аралыгында аталган кызмат тарабынан уюшулган топ, шаардын аймагында жайгашкан 5 мектеп жана 1 колледжде болушуп, ал окуу жайлардын билим алуучулары жана мугалимдер жамааты менен жолугушууларды ѳткѳрүп келишти. Жолугушуу учурунда келген коноктор тарабынан диний багыттагы окулган лекцияларды кунт коюп угушту жана түрдүү суроолорго жооп алышты.

Ѳз кезегинде лекторлор жаштардын акыркы мезгилде бул багыттагы билимдеринин ѳсүп баратканына кубангандыгын билдиришти. Негизинен бул жолугушуулар диалог иретинде ѳтүшүп, жаштар ѳздѳрүнүн кызыккан суроолорун тартынбастан берип, кызыктуу жоопторду алышты. Жаштардын суроолоруна Ош ШИИБнын ардагерлер кенешинин тѳрагасы К.Кадыров , 10-бѳлүмдүн кызматкерлери жана теологдор жооп берип жатышат. Шаар аймагында бул багыттагы жолугушуулар уланууда.

Тилекке жараша акыркы жылдары Сирия азгырыгына азгырылган мекендештерибиздин агымы токтоду. Алсак, ѳткѳн жылы Ош шаарынын аймагынан Сирияга кеткен бир дагы факт катталган жок. Анткени, укук коргоо органдарынын жана жергиликтүү бийлик ѳкүлдѳрүнүн ушул сыяктуу алдын ала жүргүзгѳн иш-аракеттери ѳз жемишин берди.

Пикир

Оставить комментарий