• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Диний иштер боюнча комиссиянын директору Эргешов Сауд Арабиянын Кыргызстандагы элчиси менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 05.03.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Диний иштер боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Зайырбек Эргешов Сауд Арабиянын Кыргызстандагы элчиси Абдурахман бин Саид Аль-Жума менен жолугушту. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери жана Кыргызстан менен Сауд Арабиянын мындан аркы өз ара аракеттенүүсү талкууланды.

"Зайырбек Эргешов диний чөйрөдөгү жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясаттын орду маанилүү экендигине токтолуп, өлкөнүн светтик мүнөзүн бекемдөөнү баса белгиледи. Өз кезегинде элчи эки өлкө ортосунда дин чөйрөсүндөгү ишмердүүлүк колго алынып, мамлекет тарабынан өнөктөштүк үчүн өбөлгөлөр түзүлүп жаткандыгына ыраазычылык билдирди", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле учурда Сауд Арабия коронавирустун жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында Умра (кичи Ажылык) сапарына зыяратка барууга убактылуу токтотулгандыгы боюнча түшүндүрмө берип, кыргызстандыктар түшүнүү менен кабыл алуусун өтүнгөн.

Жолугушуунун соңунда тараптар мамлекеттер аралык мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө жана чыңдоого даяр экендигин билдиришкен.

Пикир

Оставить комментарий