• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Дин иштери боюнча мамкомиссия өзгөчө абалдын талаптарын бузуу фактылар боюнча билдирүүнү өтүнөт

COVID - 19 0

Бишкек, 30.03.20. /Кабар/. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия өзгөчө абалдын талаптарын бузуу фактылар боюнча билдирүүнү өтүнөт.

Аталган комиссиянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, диний жөрөлгөлөрдү аткаруу максатында жарандар жана дин кызматкерлери тарабынан өзгөчө абалдын режиминин талаптарын бузуу фактылары катталса, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына билдирүүнү өтүнөт.

"Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков үстүбүздөгү жылдын 24-мартында Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизүү жөнүндөгү Жарлыкка кол койгон. Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын чечимине ылайык, 17-марттан тартып өлкөдө жамаат менен намаз окуу жана дааватка чыгуу убактылуу токтотулган. Ошондой эле Бишкек жана Кыргызстан епархиясы чиркөөлөрдө, храмдарда коомдук сыйынууларды токтоткон. Байланыш телефону: (0777) 39 39 01 Фейсбук баракчасы: Госкомиссия по делам религий", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий