• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Дипакадемияда глобалдык чакырыктар шартында цивилизациялардын өз ара алакалары талкууланды – видео

Саясат 0


Бишкек, 19.10.21. /Уланбек Турдуканов – Кабар/. Бүгүн, 19-октябрь күнү Тышкы иштер министрлигинин К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясында «Глобалдык чакырыктар шартында цивилизациялардын өз ара алакалары» аттуу юбилейлик илимий-практикалык конференция өттү.

Конференцияга чет мамлекеттердин Кыргызстандагы дипломатиялык миссияларынын башчылары, өлкөнүн алдыңкы жогорку окуу жайларынын жетекчилери жана чет өлкөлүк өнөктөш университеттердин өкүлдөрү катышты.

Эскерте кетсек, иш-чараны Тышкы иштер министрлиги менен К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы уюштурду.

Пикир

Оставить комментарий