• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Дипалакаларга 30 жыл. Кыргызстан менен Индиянын ТИМ башчылары куттуктоо каттары менен алмашты

Саясат 0

Бишкек, 18.03.22. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев КР менен Индиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу Индиянын ТИМ башчысы Субраманьям Джайшанкарга куттуктоо катын жолдоду. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Атап айтканда, анын куттуктоосунда мындай деп айтылат:

«Кыргызстан менен Индиянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата чын дилимден куттуктоомду кабыл алыңыз.

Кыргызстан менен Индияны кылымдардан бери келе жаткан тыгыз достук жана кызматташтык мамилелер байланыштырып турат, ал эми өз ара аракеттенүүбүздүн көп жылдык маданий тарыхы биздин малекеттерибиздин элдеринин ортосундагы терең байланыштары жөнүндө тастыктайт, алар жыл сайын бекемделип келет.

Кыргызстан Индия менен достук мамилелерди жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты биздин дос өлкөлөрүбүздүн элдеринин бакубаттуулугу үчүн тереңдетүү жана кеңейтүү үчүн мындан ары да бардык күч-аракетин жумшай берет”.

Өз кезегинде Индиянын тышкы иштер министри Субраманьям Джайшанкардын куттуктоосунда мындай деп айтылат:

"Дипломатиялык мамилелерибиздин түзүлгөнүнүн 30 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевге, министрлер кабинетине жана кыргыз элине эң жакшы каалоолорумду билдирем. Тарыхый байланыштарыбыз менен бекемделген стратегиялык өнөктөштүгүбүздүн мындан ары да өнүгө беришин каалайм".

Пикир

Оставить комментарий