• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Дипалакаларга 30 жыл. Кыргызстан менен Молдованын ТИМ башчылары куттуктоолор менен алмашты

Саясат 0

Бишкек, 30.10.22./Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Молдованын вице-премьер-министри, тышкы иштер жана европалык интеграция министри Нику Попеску өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгына карата куттуктоолор менен алмашышты.

Жээнбек Кулубаевдин куттуктоосунда тɵмɵнкүдɵй белгиленет:

«Өлкөлөрүбүздүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгына байланыштуу Сизге жылуу куттуктоолорумду жолдоого уруксат этиңиз.

Кыргыз Республикасы менен Молдова Республикасы эки тараптуу кызматташуунун бардык тармактарында тарыхый достук жана өнөктөштүк мамилелерге ээ.

Өлкөлөр ортосунда ар кандай деңгээлдеги туруктуу саясий диалог жүргүзүлүп, көп тараптуу платформаларда жолугушуулар өткөрүлүп, эки тараптуу келишимдик-укуктук база өркүндөтүлүп жатат.

Ошол эле учурда Кыргызстан менен Молдованын кызматташуусу зор, бирок толук ишке ашырыла элек потенциалга ээ экендиги талашсыз, аны биздин Тышкы иштер министрликтеринин биргелешкен күч-аракеттери менен жаңы деңгээлге чыгарууну сунуштайм.

Эки тараптуу жана көп тараптуу негизде кыргыз-молдова мамилелеринин бардык спектрин мындан ары чыңдоо жана өнүктүрүү, ошондой эле соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү боюнча аракеттерди активдештирүү биздин өлкөлөрдүн түпкү кызыкчылыктарына жооп берээрине ишенем».

Нику Попескунун куттуктоосунда тɵмɵнкүдɵй айтылат:

«Молдова Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгына байланыштуу чын дилимден куттуктоомду кабыл алыңыз.

Учурдан пайдаланып, эки өлкөнүн ортосундагы өз ара урматтоого жана түшүнүшүүгɵ негизделген салттуу достук мамилелер үчүн ыраазычылык билдирем. Молдова Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы түзүлгөн кызматташтык эки элдин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да тереңделишине жана кеңейишине ишенем.

Ушуга байланыштуу, биздин Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда өз ара кызыкчылык туудурган түрдүү чөйрөлөрдө молдова-кыргыз кызматташтыгын бекемдөөгө, туруктуу салым кошууга багытталган диалогду өнүктүрүүгө даяр экендигимди билдирем».

Пикир

Оставить комментарий