• 79.5
  • 81.95
  • 1.41
Кыргызское национальное информационное агентство «Кабар»

Дипалакаларга 30 жыл. Мамытов менен Япония парламентинин өкүлдөр палатасынын төрагасы куттуктоо каттары менен алмашты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 10.02.22. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов менен Япония парламентинин өкүлдөр палатасынын төрагасы Хироюки Хосода эки өлкө ортосундагы дипломатиялык алакалардын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата бири-бирине куттуктоо телеграммаларын жөнөтүштү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Төрага Талант Мамытов өз телеграммасында Кыргызстан Япония менен 30 жылдан берки эки тараптуу жана көп тараптуу платформаларда түзүлгөн, достукка, өз ара урматтоого жана түшүнүүгө негизделген натыйжалуу кызматташтыкты жогору баалай турганын белгиледи.

Муну менен катар “Сиз менен бирге парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө даяр экенимди билдирем”, - деп айтылат телеграммада.

Ал эми Хироюки Хосода төрага Талант Мамытовдун жоопкерчиликтүү мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди, ал эми Кыргызстанга тынчтык жана мындан аркы гүлдөп өнүгүү каалады.

Ошондой эле “Биргелешкен жемиштүү ишмердүүлүгүбүз мамлекеттер аралык алакаларыбыздын жана парламенттерибиз ортосундагы байланыштардын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт деген ишеничтемин”, – деди.

Пикир

Оставить комментарий