• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Дипломатиялык академия ТИМге караштуу атайын адистештирилген жогорку окуу жайы болот

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 28.02.18 /Кабар/. Бүгүн, 28-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору 1-окууда каралды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам долбоорунун концепциясы менен КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары Динара Кемелова тааныштырды.

Мыйзам долбоорунун концепциясы КР Тышкы иштер министрлигинин Казы Дыйкамбаев атындагы дипломатиялык академиясынын ишмердүүлгүн оптимизациялоого багытталган. Тагыраак айтканда, долбоору аркылуу Казы Дыйкамбаев атындагы дипломатиялык академияны Билим берүү министрлигине эмес Тышкы иштер министрлигине караштуу атайын адистештирилген жогорку окуу жайына айландыруу сунуш кылынууда.

Мында стратегиялык милдет катары аталган Академиянын статусун кайрадан карап чыгуу, анын Уставына жана бир катар жоболоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү каралууда. Себеби алар учурдагы ТИМдин милдеттерине жана кызыкчылыктарына толук кандуу жооп бере бербейт. Ошондуктан, азыркы учурда, ТИМ Академиясынын уюштуруучусу катары, Академиянын ректорун дайындоодо, дипломатиялык кызматта тажрыйбасы бар, эл аралык иштерде жана саясат чөйрөсүндө теориялык эле эмес, практика жүзүндө билими дал келген жогорку квалификациядугу кадрларды дайындай албагандыгы, Академиянын ишмердүлүгүнүн натыйжалуу жүргүзүлүшүнө терс тасирин тийгизүүдө, - деди баяндама жасаган КР Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Динара Кемелова. Ошондуктан, Академия, мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын талаптарын эске алып, Кыргыз Республикасынын "Билим берүү жөнүндөгү" Мыйзамынын 38-берененин 4-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин” деген сөздөрдөн кийин “Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер миринстрлигинин” деген сөздөр менен толукталсын деп сунушталууда.

Депутат Каныбек Иманалиев мыйзам долбоорун колдоо менен бирге Дипломатиялык академиянын курстук иштери, дипломдук иштери жалпы эле берген билими Кыргызстандын тышкы саясатына байланыштуу болушу керектигин, керек болсо тышкы саясат боюнча аналитикалык материалдарды даярдаган жогорку деңгээлге көтөрүлүшү зарылдыгын баса белгиледи. Мындан сырткары бир катар депутаттар КР Өкмөтү менен Тышкы иштер министрлигин эл аралык иштер боюнча адистиктин сапатын, кадыр-баркын жогорулатууга багытталган иш-чараларга көңүл бурууга чакырышты. Эл өкүлдөрүнүн пикиринде, дипломатиялык адистерди саналуу гана алдыңкы жогорку окуу жайлары даярдашы керек.

Мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Пикир

Оставить комментарий