• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Дипломатиялык алакаларга 30 жыл. КР жана Кытай парламентинин төрагалары куттуктоо телеграммалары менен алмашты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 01.02.22. /Кабар/. КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытов менен Кытай Эл Республикасынын Бүткүл кытайлык Эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасы Ли Чжаньшу эки өлкө ортосундагы дипломатиялык алакалардын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата бири-бирине куттуктоо телеграммаларын жөнөтүштү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тагыраагы, Жогорку Кеңештин төрагасынын телеграммасында "Кыргызстан менен Кытай бардык тармактар боюнча бири-бирине колдоо көрсөтүп, ШКУ алкагында өз ара байланышты жана башка эл аралык аянтчаларда ар тараптуу кызматташтыкты бекемдеп келет", - деп айтылат.

Ал эми Кытай парламентинин төрагасы Ли Чжаньшу жолдогон телеграммасында төрага Талант Мамытовду чын дилинен куттуктаарын, жалпы кыргыз элине бакыт жана гүлдөп өнүгүүнү каалай тургандыгын билдирип: "Эки өлкө кызматташтыктын ар кыл чөйрөсүндө зор натыйжаларга жетишти. Кытай-кыргыз алакасы коңшулаш мамлекеттердин ортосундагы мамилелер үчүн үлгү катары калыптанды", - деди.

Пикир

Оставить комментарий