• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Дипломатиялык өкүлдөргө КР визасынын жаңы инструкциянын жобосу түшүндүрүлдү

Коом 0

Бишкек, 23-март /Кабар/. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинде чет өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана эл аралык уюмдардын кызматкерлери менен жолугушуу болду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, жолугушуу КР визасын берүүнүн жаңы системасына өтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында өткөрүлүп, визаны түзүү жана берүүнүн тартиби тууралуу жаңы инструкциясын кабыл алуу тууралуу маалыматты жеткирүү максатын көздөйт. Ал 2017-жылы 5-апрелде күчүнө кирет.

Дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнө жаңы инструкциянын жоболору түшүндүрүлүп, виза алуу жана аны узартуу маселелери боюнча анын жобосун жүзөгө ашыруунун механизмдери талкууланды.

Жолугушуу өз ара түшүнүүчүлүк маанайда жана конструктивдүү диологдо өттү.

Жолугушуунун соңунда анын катышуучуларына иш менен таанышуу жана колдонуу үчүн жаңы виза жабыштыргычтарынын үлгүлөрү, андан тышкары виза жабыштыргычтарынын коргоочу элементтери менен плакаттар көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий