• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Дипломатиялык кызматта кыргыз тилин өнүктүрүү — аткарылган иштер жана алдыдагы кадамдар

Коом 0

Бишкек, 16.06.21. /Кабар/. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан дипломатиялык кызматта кыргыз тилин өнүктүрүү, аткарылган иштер жана алдыдагы кадамдар тууралуу айтып беришти.

Алсак, үстүбүздөгү жылы кабыл алынган жаңы Конституция мамлекеттик башкаруу жаатында реформалардын жүрүшүн шарттап, алдыда олуттуу өзгөрүүлөр күтүлүүдө. Алсак, аткаруу бийлиги да мамлекет башчысынын карамагына өтүп, министрликтер менен ведомстволордун саны кыйла кыскарып, түзүмү өзгөртүлдү. Бул өз кезегинде жаралган маселелердин ыкчам, тоскоолдуксуз чечилишине өбөлгө түзөт.

Мамлекеттик башкарууга тиешелүү мыйзамдарга жана ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылган Конституцияда туу, герб, гимн сыяктуу мамлекеттин, улуттун символдору, анын ичинде мамлекеттик тил макамындагы кыргыз тили өзгөрүүгө дуушар болгон жок жана болушу мүмкүн эмес. Аталган символдор мамлекеттин уңгусу, аны түптөгөн өзөктүү тамыры болгондуктан, маанилүүлүгүн жоготпойт.

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" мыйзамына ылайык, мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши мамлекеттик тилде жүргүзүлүп, мамлекеттик кызматчылар өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө билүүгө милдеттүү.

Жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын талаптарын жана Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасын ишке ашыруу максатында Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинде мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасы иштелип чыгып, ал министрликтин ишмердигин мамлекеттик тилге өткөрүүгө, кыргыз тилинде аткарылуучу иш кагаздарынын сапатын жакшыртууга, кызматкерлердин чет тилдерин өздөштүрүүсүн колдоо менен бирге кыргыз тилин билүү деңгээлин жогорулатууга багытталган.

Министрликтин ведомстволук иш кагаздарынын айрым түрлөрү, тактап айтканда, ички буйруктар, тескемелер, кызматтык каттар жана аппараттык кеңешмелердин протоколдору кыргыз тилинде жазылат, мындан тышкары, чет өлкөлүк өнөктөштөр менен ноталык кат алышуу да жалаң мамлекеттик тилде жүргүзүлүүдө. Министрликтин жетекчилиги дипломатиялык кызматта мамлекеттик тилдин кеңири колдонулушун жайылтуу максатында ведомствонун иш кагаздарын жана сыртка чыгуучу каттардын кыргыз тилинде даярдалышын талап кылууда.

Май айында тышкы саясат ведомствосунун 100дөн ашуун кызматкери “Кыргыз тест” ишканасы тарабынан иштелип чыккан тестти ийгиликтүү тапшырып, кыргыз тилин керектүү деңгээлде биле тургандыгын тастыкташты. Бүгүнкү күндө КРнын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин кызматкерлеринин онлайн режиминде кыргыз тили боюнча аралыктан тест тапшыруусу каралууда. Маселенин техникалык шарттары макулдашылган соң, Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчиликтери менен консулдуктарында эмгектенген кызматкерлердин да кыргыз тили боюнча билимин баалоого мүмкүн болот.

Министрлик кызматкерлердин кесиптик жана билим деңгээлин жогорулатууга кызыкдар жана бул максатта атайын Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиянын базасында кыргыз тили боюнча квалификациясын жогорулатуу курстарын уюштуруп турат. Дипломаттардын негизги куралы тил болгондуктан, министрлик кызматкерлер өздөштүргөн тилдерди, анын ичинде кыргыз тилин өркүндөтүүсү үчүн стимулдап, ар дайым шарт түзүп келет.

Болочок дипломаттардын кыргыз тилине болгон кызыгуусун арттыруу максатында Дипломатиялык академиянын студенттери үчүн жыл сайын Эл аралык эне тил күнүнө крата “конок лекциялары” өткөрүлөт. Салтка айланган иш-чаранын алкагында эл аралык мамилелер тармагында дасыккан адистер дипломатия кесибин тандап алган жаштар менен баарлашып, дипломатиялык кызматта эне тилдин маанилүүлүгүн жеткиришет.

Кыргыз тилинин лексикалык кооздугун, семантикалык таамайлыгын, синтаксисттик ырааттуулугун дипломаттарга ачууну көздөгөн дагы бир иш-чара – бул Мамлекеттик тил күнүнө карата өткөрүлүүчү эссе сынагы. Албетте, чыгармачылыкка болгон шыктуулукту талап кылган бул иш-чарага катышуу үчүн кыргыз тилин гана эмес, улуттук адабиятты, элдик оозеки чыгармаларды да жогору деңгээлде билүү зарыл. Бирок сынак шарттарынын татаалдыгына карабастан, ага министрликтин катардагы кызматкерлеринен тартып элчилерине чейин катышкандыгы алардын ар тараптуу өнүккөндүгүн, көп кырдуу билиминин тереңдигин жана эң негизгиси – кыргыз тилин билүүгө ынтызарлыгын далилдейт.

Учурда Тышкы иштер министрлигинде дипломатиялык терминдердин түшүндүрмө сөздүгүн түзүү үстүндө иш алып барылууда. Буга чейин ведомство бир нече жыл мурда дипломатиялык жаатындагы терминдердин котормо сөздүгүн басып чыгарып, кесиби эл аралык мамилелер тармагына тиешеси бар адамдардын колдонуусу үчүн тартууланган.

Министрликтин жетекчилиги мамлекеттик кызмат тутумунда кыргыз тилин өнүктүрүүнүн актуалдуулугун белгилеп, дипломатиялык кызматтын өзгөчө талабы болгон чет тилдерди билүү милдети менен бирге, ар бир кыргыз жараны эне тилин билүүсү маанилүү экендигине басым жасайт. Жетекчилик жамаатка үлгү көрсөтүп, кызматтык ишмердигин мамлекеттик тилде жүргүзүп, аппараттык кеңешмелерди, жыйындарды кыргыз тилинде өткөргөндүгү колдоого ала турган көрүнүш. Ведомстводо иш кагаздарды мыйзам талабына ылайык мамлекеттик тилде жүргүзүү аракеттери көрүлүүдө.

Мамлекеттик органдардын ишмердигин жаңы Конституцияга шайкеш келтирүү алкагында көрүлүп жаткан чаралардын алкагында башка министрликтер менен ведомстволордун катарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде да учурда иш кызып турган кези. Министрлик мамлекеттик саясаттын өзөктүү багыты болгон мамлекеттик тилди өнүктүрүү, аны колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү аракеттерин мындан ары да улантууну көздөйт.

Пикир

Оставить комментарий