• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кызматташтыкка 30 жыл. КР менен Вьетнам ТИМ башчылары куттуктоо каттары менен алмашты

Саясат 0

Бишкек, 04.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 4-июнда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Вьетнамдын тышкы иштер министри Буй Тхань Шон Кыргызстан менен Вьетнамдын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата куттуктоо каттары менен алмашты. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

КР Тышкы иштер министрлигинин башчысы Ж.Кулубаев өзүнүн куттуктоосунда Кыргыз Республикасы менен Вьетнам Социалисттик Республикасынын ортосундагы өз ара урматтоого жана өз ара пайдалуу кызматташтыкка негизделген достук мамилелер эки өлкөнүн кызыкчылыгында өнүгө берерин белгиледи.

Ал бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Вьетнамдын ортосундагы жемиштүү кызматташтыкты кеңейтүү жана тереңдетүү үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөнүн өзгөчө баса белгиледи.

Өз кезегинде Вьетнамдын тышкы иштер министри Буй Тхань Шон өлкөлөр ортосундагы 30 жылдык кызматташтык аралыгында достук мамилелер түзүлгөндүгүн баса белгилеп, эки тарапка тең пайдалуу кыргыз-вьетнам өз ара аракеттенүүсү мындан ары да бекемделе берерин белгиледи. Буй Тхань Шон ошондой эле эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтери салттуу мамилелерди эки тараптуу да, көп тараптуу да форматта чыңдоо үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү толук пайдаланып, сактап жана өнүктүрө тургандыгына үмүтүн билдирди.

Пикир

Оставить комментарий