• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Директордун бөлмөсүнөн чыккан өрт: Калаадагы завод өрттөндү

Кырсык 0

Бишкек, 22.01.18. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Бишкектеги Ч.Айтматов көчөсүндө жайгашкан “БМЗ” ААК заводунда өрт чыккан,-деп билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, өрт тууралуу билдирүү кечки саат 21:17 келип түшкөн. Окуя болгон жерге үч өрт бөлүмү тартылган.

“100 чарчы метр директордун кабинетиндеги шкаф, үстөл, отургучтар, ноутбук, китептер, иш кагаздары, кондиционер толугу менен күйүп, өрт үчүнчү кабатка өткөн. 10 чарчы метр терезелер күйгөн”,-деп айтылат маалыматта.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий