• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Директорлорду тандоо: Чүйдө – 71, Таласта – 45 талапкер тесттен ийгиликтүү өттү

Билим 0

Бишкек, 27.09.22. /Кабар/. Бүгүн, 27-сентябрда Чүй жана Талас облустарындагы мектептердин директорлорунун бош кызмат орундарын ээлөөгө компьютердик тестирлөөнүн II айлампасы өттү.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, Талас облусу боюнча конкурстун II айлампасына катышуу үчүн 109 талапкер документ жиберип, андан 96 адам тестирлөөгө катышуу укугун алган.

Талас мамлекеттик университетинде өткөн тестирлөөгө жалпы 93 адам катышып, 3 талапкер сынакка келген жок. Жыйынтыгында 45 талапкер босого балл же андан жогору упай топтоду. Бул катышуучулардын 43,2%ын түзөт.

"Ал эми Чүй облусу боюнча II айлампага 180 адам документ жиберген. Анын ичинен 26 талапкер документтердин толук пакетин тапшырган эмес. Мындан улам 154 адам тестке катышуу укугуна ээ болуп, анын ичинен 146 адам тестке катышып, 8 талапкер сынакка келген жок.

Тестирлөөнүн жыйынтыгы менен 71 талапкер 60 пайыздык чектен жогору упай алды. Бул катышуучулардын 48,6% ын түзөт", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Талас облусу боюнча 46, Чүй облусу боюнча 86 бош орун бар болчу.

Пикир

Оставить комментарий