• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Директорлорду тандоо. Ош шаарынын графиги өзгөрдү

Билим 0

Бишкек, 15.08.22. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги Ош шаарынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына талапкерлерди компьютердик тестирлөөдөн өткөрүүнүн графиги өзгөргөнүн маалымдайт.

Министрликтин билдирүүсүнө караганда, жаңы график боюнча тестирлөө 23-августта өтөт.

Ош шаары боюнча 17 ваканттык орунга 100дөн ашуун талапкердин катышуусу күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, тестирлөө буга чейин Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында болуп өттү.

Пикир

Оставить комментарий