• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Директорлорду тандоо. Ошто 359 талапкердин 88и тестирлөөдөн өттү

Аймак 0

Бишкек, 13.08.22. /Кабар/. Бүгүн, 13-августта Ош облусундагы мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына компьютердик тестирлөө өткөрүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, документтерин 541 жаран тапшырган. Сынактын биринчи этабында 169 талапкер документтеринин толук эмес пакетин тапшырып, натыйжада экинчи этапка өтпөй калган.

Тестирлөөгө кирүүгө 372 талапкер укук алып, 13 катышуучу келбей калгандыктан, 359 жаран тест тапшырды.

Жыйынтыгында 88 талапкер босого жана андан жогору балл алган, бул катышуучулардын 25% түздү.

Эске салсак, буга чейин Ош облусунда 244 бош орун бар экени маалымдалган.

Пикир

Оставить комментарий