• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Директорлорду тандоо. Жалал-Абадда 220 талапкердин 61и тестирлөөдөн өттү

Билим 0

Бишкек, 12.08.22. /Кабар/. Кечээ, 11-августта Жалал-Абад облусунун мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына компьютердик тестирлөө өткөрүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сынакка 314 талапкер документ жиберип, анын 94ү документтерин толук тапшырбагандыктан экинчи этапка өткөн жок.

Белгиленгендей, компьютердик тестирлөөгө 220 адам катышып, 61 талапкер босого баллдан жана андан жогору упай топтоду.

Пикир

Оставить комментарий