• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Директорлорду тандоонун II айлампасы: Жалал-Абадда 54 талапкер тестти ийгиликтүү тапшырды

Билим 0

Бишкек, 25.09.22. /Кабар/. Жалал-Абад мамлекеттик университетинде Жалал-Абад облусунун мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына компьютердик тестирлөөнүн II айлампасы өттү.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, буга чейин Жалал-Абад облусунда 132 бош орун бар экендиги жарыяланган.

II айлампага катышуу үчүн жалпы 269 талапкер документ жиберип, анын 221и тестирлөөгө катышуу укугун алган.

Компьютердик тестирлөөгө 212 талапкер катышып, 9 адам сынакка келген жок.

Жыйынтыгында 54 талапкер босого балл же андан жогору упай топтоду. Бул катышуучулардын 25%ын түзөт.

Пикир

Оставить комментарий