Дистанттык билим алууда көйгөй жаралса кимге кайрылуу керек? Ыкчам байланыш номерлери

Билим 0

Бишкек, 08.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда бүгүндөн тартып аралыктан окуу башталды. Ага ылайык, Билим берүү жана илим министрлигинде дистанттык форматта билим берүү тобу уюштурулган. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн брифингде билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова маалымдады.

Ал билдиргендей, аталган топ бардык суроолорго жооп берип, кеӊеш берип, ар бир регион менен байланышып, пайда болгон кѳйгѳйлѳрдү чечүүгө жардам берет.

Ыкчам байланыш үчүн тѳмѳнкү телефондорго чалуу керек:

  • 0550-512-075;
  • 0550-801-026;
  • 0550-368-784;
  • 0550-513-385;
  • 0557-442-355 .

Андан тышкары, министрлик дистанттык окутуу боюнча жаралган суроолор үчүн 5858 ыкчам байланыш номерин ишке киргизди.

Пикир

Оставить комментарий